Жаңылыктар
Францияда Леонардо да Винчинин 500 жылдыгын өткөрүүгө кызуу даярдыктар кызуу жүрүп жатат
Дүйнө
Францияда Леонардо да Винчинин 500 жылдыгын өткөрүүгө кызуу даярдыктар кызуу жүрүп жатат

Франциянын Амбуаз шаарында Леонардо да Винчинин 500 жылдыгын өткөрүүгө даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Сүрөтчү өмүрүнүн акыркы жылдарын дал ушул шаарда өткөргөн. Иш-чарага Франция жана Италиянын президенттеринин катышуусу күтүлүүдө. Леонардо да Винчи тарыхта эки мамлекеттин ортосундагы достук көпүрөсүн орноткон адам катары да эскерилет.


Амбуазда улуу Леонардо да Винчини эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Ал мына ушул жерде, Кло-Люсе сарайында, 1519-жылдын 2-майында 67 жашында дүйнө салган.


Да Винчи Францияга падыша Франциск I нин чакыруусу менен келген. Ал Амбуаз сарайында жашаган. Бул сарай Кло-Люсе сарайы менен жер астынан байланышып турат. Да Винчинин сөөгү Амбуаз чиркөөсүнө коюлган деп айтылат. Сүрөтчүнүн мааракесинде бул жерге Франция жана Италиянын президенттери келет.


Да Винчи Амбуазда 3 жыл жашаган. Сүрөтчү бул жерде негизинен сарайдагы майрамдарды уюштуруу жана жаңы сарай курууну пландоо менен алектенген. Өмүрүнүн акыркы жылын төшөктө жатып өткөргөн. Уламыштарга караганда, ал Франциск I нин колунда жан берген.