Жаңылыктар
КР Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Катардагы кыргыздар менен жолугушту
Саясат
КР Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Катардагы кыргыздар менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 2-майында Доха шаарынла Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинде жашаган жарандары менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Биринчи орун басары Н.Ниязалиев чет өлкөдө жашанаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча мекендештерге кабар берди.

Жолугушуунун катышуучулары Катар Мамлекетиндеги эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алышты.