Жаңылыктар
Парламент С.Жээнбековду өкмөт башчылыкка бекитти
Саясат
Парламент С.Жээнбековду өкмөт башчылыкка бекитти

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланды. Өкмөт башчылыкка талапкерлиги көпчүлүк коалиция тарабынан жактырылган Сооронбай Жээнбековду Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп берди. 

Парламенттин бүгүнкү отурумунда эл өкүлдөрү алгач өкмөттүн программасын угуп, андан соң, ачык электрондук добуш берүү жолу менен өкмөт башчыны шайлап алды.

Өкмөттүн программасына, курамына жана түзүмүнө депутаттар өз-өзүнчө добуш берди. Жыйынга жалпысынан 115 депутат катышты. Сооронбай Жээнбеков өкмөт өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөн маанилүү долбоорлорду уланта берээрин билдирди.