Жаңылыктар
Кыргызстан элинин Ассамблеясына 25 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан элинин Ассамблеясына 25 жыл

Улуттардын достугуна көпүрө болуп келе жаткан Кыргызстан элинин Ассамблеясына 25 жыл. Бул мааракелүү датага байланыштуу бүгүн Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтө турган салтанаттуу иш-чара мамлекеттик резиденцияда өттүдө. Ага 400дөн ашуун адам чакырылган. Коноктордун катарында 15 өлкөнүн өкүлдөрү да бар. 

Мааракенин алдында кечээ Ассамблеянын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, уюмдун келечеги, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө бардык мамлекеттик органдардын бирге иш алып баруусуна шарт түзүү маселелери каралды. Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтө турган салтанаттуу иш-чара "Ала-Тоо 24" каналынын түз эфиринде алып көрсөтүүдө.