Жаңылыктар
Сокулук районунда талап тоноого шектүү делип 3 милиция кармалды
Кылмыш
Сокулук районунда талап тоноого шектүү делип 3 милиция кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда талап тоноого шектүү делип 3 милиция кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шектүүлөр жарандан 430 долларын карактап кетишкен. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири милициянын формасын кийип жүргөнү анык болду. Алар Бишкектин патрулдук-пост кызматынын кызматкерлери болуп чыкты. Алар жабырлануучудан чөнтөгүндөгү баардык документтерди алып чыгуусун суранышкан, андан кийин акчасын алып алышкан. Шектүүлөр Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.