Жаңылыктар
Тогуз-Тородогу жолдо калган 7 унаа куткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Тогуз-Тородогу жолдо калган 7 унаа куткарылды

Тогуз-Тородо жабылган ашуу менен бара жаткан 7 унаа жолдо калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Сары-Кыр ашуусундагы жолдо эки оор жүк ташуучу унаа менен беш жеңил машина тыгылып калган. 

Окуя 2-май күнү кечинде болгон. Жерине акимдин орун басары, ӨКМдин 10 куткаруучусу, бир фельдшер, эки милиция кызматкери барып, жети унаадан 14 жүргүнчүнү алып чыгып, таңкы 4 жарымда Казарман айылына алып келишкен. Алардын арасында балалуу аял бар экени айтылды. Ушу тапта жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, аталган унаа жолу 2018-жылдын сентябрь айындагы акимдин буйругу менен жабылган.