Жаңылыктар
Алматы — Ош — Алматы каттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Алматы — Ош — Алматы каттамы ачылат

7-апрелде Алматы — Ош — Алматы каттамы ачылат. "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматынан кабарлагандай, рейстер "QAZAQ AIR" авиакомпаниясына таандык. 

"Bombardier Q400 NextGen" заманбап аймактык лайнерлери жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт. Билеттин баасы бир тарапка учуу үчүн 48 долларды түзөт. Жетүү убактысы 1 саат 5 мүнөт. Кыргызстандан Алматыга азырынча "Манас" аба майданынан гана учууга болот.