Жаңылыктар
"Шайыр апалар" теледолбоорунун 3-айлампасы Ысык-Көл аймагында жыйынтыкталды
УТРК жаңылыктары
"Шайыр апалар" теледолбоорунун 3-айлампасы Ысык-Көл аймагында жыйынтыкталды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маданият. Тарых. Тил" каналы өткөрүп жаткан "Шайыр апалар" теледолбоорунун 3-айлампасы Ысык-Көл аймагында жыйынтыкталды. Кызыктуу уюштурулуп, көңүлдүү өткөн иш-чарада шайыр апалардын эң мыкты тобу аныкталды.


Өлкөнүн жети дубанынан "Шайыр апалар" теледолбоорунун катышуучулары иш-чаранын 2-айлампасында алдыга озуп чыгып, жеңүүчү болгон “Ысык-Көл ажары” тобунун кичи мекенинде, кереметтүү Ысык-Көлдүн боюнда өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ак элечеги ажарын ачып, көз жоосун алган улуттук көйкөлгөн кийимдери куп жарашкан жайдар жүздүү, жаркын апаларга толкуган Ысык-Көл да демине-дем, шыгына шык кошуп, таланттарын ойготкондой. 



Улуттун көркү - үйдүн куту болгон апалардын негизги максаты - обон созуп ыр ырдап, бийлөө эле эмес, нарктуулук менен унутулуп бара жаткан салттарыбызга жан киргизүү болуп саналат.

Элдин куту элетте демекчи, үч жыл мурда башталган “Шайыр апалар” теледолбоору алгач Талас жергесинде, кийин Ошто, эми касиеттүү Көл кылаасында өттү. Кийинки айлампалар жеңүүчүлөрдүн аймагында болот. Долбоор улуттук каада-салтты жандандыруу менен катар, аймак аралык ынтымакты бекемдөөгө зор салымын кошууда.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ишинин илгерилешин, өсүп-өнүгүүсүн тилеген энелер ыраазычылыгын жалпы жамаатка билдирип, баталарын беришти.