Жаңылыктар
ДСУ Кыргызстанга акысыз дары-дармек берди
Ден соолук
ДСУ Кыргызстанга акысыз дары-дармек берди

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм Кыргызстанга 1 тонна 951 килограмм акысыз дары-дармек берди. Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлагандай, 2019-жылдын 3-майында Бишкек шаарындагы Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо боюнча департамент аталган дүйнөлүк уюмдан дарыларды, медициналык каражаттарды өткөрүп алды. 

Дары-дармектер уюм менен өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы түзүлгөн меморандумдун алкагында акысыз берилди. Алар чукул кырдаал болуп кеткен учурларда таратылат. Дары-дармектер Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы дарылоочу-профилактикалык мекемелерге таратылып берилет.