Жаңылыктар
Жогорку сот Текебаевдин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды
Коррупция
Жогорку сот Текебаевдин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды

Жогорку сот "Ата Мекендин" абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Текебаевдин жана Чотоновдун жактоочулары алардын иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керектигин белгилеген. 

Адвокат Жаныбеков буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке какты. Мамлекеттик айыптоочу жогорудагы жактоочулардын өтүнүчү менен макул эместигин айтып, буга чейин ишке юридикалык баа берилгенин билдирген. 

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан. Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу “Адилет” укуктук клиникасы быйыл 15-февралда ишти кайра кароо өтүнүчүн Жогорку сотко жолдогон. Бул боюнча биринчи отурум 23-апрелде өткөн.