Жаңылыктар
С. Жээнбеков премьер-министр болуп шайланды
Саясат
С. Жээнбеков премьер-министр болуп шайланды

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы колдоо таап, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланды. Жыйында эл өкүлдөрү бардык тармактар боюнча суроолоруна жооп алышып, жаңы премьер-министрди  өкмөттө радикалдуу реформаларды жүргүзүүгө чакырышты. Эске салсак, өкмөт курамы анчалык деле кескин өзгөрүүлөргө туш болгон жок. Курамда биринчи вице-премьер-министр, транспорт министри менен өкмөттүн аппарат жетекчиси өзгөрдү.
Жогорку Кеңеште төрага Асылбек Жээнбеков отставкага кеткенден кийин, күндүн экинчи жарымында эл өкүлдөрү Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги, министрлер кабинетинин түзүм долбоору жана жаңы өкмөттүн программасын талкуулашты. Суроолорго жооп берип жатыg Сооранбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнө талап катуу болорун жана буга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында каралган бардык долбоорлор улантыларын билдирди. Ошондой эле  Сооронбай Жээнбеков жаңы  өкмөттүн курамын сунуштап, анын түзүмү мурдагы эле калыбында калганын, болгону айрым гана өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

Жыйында депутат Өмүрбек Бабанов экономикалык маселелер тууралуу суроо берип жатып, бул тармакка вице-премьер-министрлердин кимиси жоопту болооруна кызыкты. Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков, экономикалык маселелерди  Олег Панкратов чечээрин кабарлады. Панкратов  Темир Сариевдин учурунда дагы экономикалык блокко жоопту болуп келген.

Ал эми суу ресурстары боюнча маселени депутат Дастан Бекешов көтөрдү. Эл өкүлү  Борбор Азия чөлкөмү боюнча элди таза жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси курч турарын айтып, бул багытта өзүнчө программа иштеп чыгууну сунуштады.

Ошентип 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги жана өкмөттүн жаңы курамы шайланды. Добуш берүүгө катышкан 115 депутаттын бардыгы анын өкмөт башчы болушуна жана өкмөттүн жаңы курамына макул болду. Эске салсак, 11-апрелде өкмөттүн кезексиз жыйынында премьер-министр Темир Сариев отставкага кеткенин айтып, бул тууралуу мамлекет президенттин атына тиешелүү арызын жазганын маалымдаган. Ошол эле күнү өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Темир Сариевди министрлер кабинетинин башчысы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

М.Абдраманова, "Биринчи радио"