Жаңылыктар
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык активисттер менен жолукту
Саясат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык активисттер менен жолукту

Бүгүн, 3-майда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана жарандык активисттердин катышуусунда учурдагы экологиялык көйгөйлөр талкууланууда. Анда учурдагы экологиялык көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору сунушталып,биосфералык аймактарды коргоо,таштанды маселелери тууралуу да сөз болду. Ушуга окшогон маселелерди чечүү үчүн өкмөт тарабынан  жумушчу топ түзүлө турган болду. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык активисттер менен жолугууда, уран калдыктары сакталчу жайды рекультивациялоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кийинки муун жабыр тартпашы үчүн натыйжалуу кадамдарга баруу керектигин белгиледи. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.