Жаңылыктар
Башкы прокуратура чуулгандуу иш тууралуу түшүндүрмө таратты
Кылмыш
Башкы прокуратура чуулгандуу иш тууралуу түшүндүрмө таратты

Башкы прокуратура акыркы учурда интернет басылмаларда "Коррупция" беренелери менен айыпталып жаткан Сапар Исаков менен Айбек Калиевдин жактоочулары тарабынан коомчулуктун алдында аларды актоо аракеттеринде так эмес маалыматтар тарап жатканын билдирип, чуулгандуу иш тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда коюлган айыптар боюнча жазык ишинин ичинде алардын күнөөсүн далилдөөчү документке негизделген далилдер, жетиштүү көлөмдө материалдар бар экени айтылат.

Апта башында Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын жактоочуларынын өтүнүчүн карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Эскерте кетсек, ага чейин Свердлов райондук соту чуулгандуу иш боюнча айыпталган адамдардын бөгөт чарасын карап, 12-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына кармоону узартуу чечимин кабыл алган. Жактоочулар соттун мындай чечимине макул болгон жок.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова акыркы орун алган окуялардан соң билдирүү таратты.

Айыпталуучулардын жактоочулары такталбаган маалыматтарды таратып коомчулукту адаштырууга аракет кылган. Ошондон улам Башкы прокуратура бул факты боюнча түшүндүрмө берди. Тагыраагы башкы көзөмөл орган казынага кол салууга жол берген кызмат адамдары жана башка жактар мыйзам чегинде жазага тартылууга тийиш экенин билдирип, ал үчүн жетиштүү далилдер бар экенин жарыялады.
Республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик ири курулуш долбоорун ишке ашырууда, техникалык-экономикалык негиздемеси жок, долбоорлоо-сметалык документтер бекитилбеген шарттарда аткаруусунун кесепеттеринен мамлекеттин өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарын (5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки) сом) орунсуз жок кылуулары коррупциялык кылмыш болуп эсептелет.

Баасы 150 млн доллар, аткаруу мөөнөтү 2014-2017-жылдарга белгиленген “Бишкек ЖЭБин модернизация” долбоору Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына (КР Президентинин 2013-жылдын 27-сентябрынын № 194 Жарлыгына ылайык) киргизилген деп жазылат билдирүүдө. Мындан сырткары, “Бишкек ЖЭБин модернизация” долбоорун 150 млн долларга ишке ашырууга даярдыктар көрүлгөн жөнүндө документалдык далилдер бар.

Айыпталуучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга жана саясатташтырууга жасаган далалаттары катарында кабыл алууга болот. Эгерде алардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулгандыктары жөнүндө далилдери бар деп эсептешсе, ал процесстик ченемдерге ылайык, айыпталуучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тастыкталууга тийиш.

Тергөө Сапар Исаков башында турган бир катар жооптуу кызмат адамдары TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканы айтылат. Жылуулук электр борборундагы авария модернизацияга байланыштуу чуулгандуу жагдайларды ачыкка чыгарган. 600 долларлык аттиштер элдин эсинен эзели кетчүдөй эмес. Тергөөнүн материалдарында бир катар жабдуулар өз баасынан өтө кымбатка бааланганы белгиленген.

ЖЭБди жаңылоо үчүн ТВЕА компаниясы менен APS форматында келишим түзүлгөн. Тагыраак айтканда жабдууларды сатып алууга жана курулуш иштерине кыргыз тарап аралашкан эмес. Отчётту кабыл алуу укугунан да ажыраган. Тергөө органдары долбоорду ишке ашыруунун баштапкы ишинде эле Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калган деп эсептейт. Жабдуулардын бааларын салыштырып көрөлү.
Өздүк наркы 6 миллион 159 миң долларлык эки генератор 8 миллион 400 миң долларга орнотулган. 22 миллион долларлык эки турбина 25 миллион долларга сатып алынды деп эсептелген. Наркы 150 800 долларлык конденсациялык суунун насосу 715 900 доллар деп эсептелген. Лифттердин баасы дээрлик жарым миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Вакуумдук насостун өздүк наркы 203 миң доллар болсо, ал 714 миң долларга бааланган. Бул жана башка жабдуулардын бааларын салыштыруу менен мамлекет 111 миллион доллар чыгым тартты деген жыйынтык чыгарылууда.

Соттук териштирүү жаңы башталды. Алдыда күбөлөр көрсөтмө берет. Сот мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын дагы өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын 12-июнга чейин узартты. Чуулгандуу иш боюнча 8 адам айыпталып жатат. Алардын катарында мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев жана бир катар энергетиктер бар.