Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетте туруктуулукту камсыздоодо Конституциялык палатанын ролу чоң"
Саясат
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетте туруктуулукту камсыздоодо Конституциялык палатанын ролу чоң"

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушту. Мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарды жана Конституциялык палатанын судьяларын 5-майда белгиленүүчү Конституция күнү менен куттуктады. Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи. 

«Биздин максат - элдин мамлекеттик бийликке карата жок болуп кеткен жана эки жолку революцияга алып келген ишенимин кайтаруу. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн биз ачык бийлик системасын, адам укугу сакталган таза коом курушубуз керек. Президенттен баштап ар бирибиз өзүбүздүн ак ниет, таза ишибиз менен үлгү көрсөтүшүбүз керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Президент белгилегендей, мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбастан туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек. Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, судьялар Эмиль Өскөнбаев жана Курмантай Абдиев Мамлекет башчысына жакшы салтка айланып калган Конституция күнүнө карата жолугушуусуна ыраазычылык билдиришти.

«Конституциялык палата өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так жана мыйзам алкагында укуктук талаадан чыкпай аткарууга аракет кылууда», — деди Эркинбек Мамыров. 

Алар Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү, пландары жана милдеттери, кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып беришти. Жолугушуунун соңунда, Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагын белек кылды.