Жаңылыктар
Шаар мэрлерине аймакты өнүктүрүүнүн пландарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди
Экономика
Шаар мэрлерине аймакты өнүктүрүүнүн пландарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди

Облустарды жана өсүү чекити болгон 20 шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйындын жүрүшүндө Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында артыкчылыктуу мааниге ээ маселелер каралды. 

«Учурда Өкмөт тарабынан бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргызстандын региондук саясатынын концепциясы ишке ашырылууда. Мындан тышкары бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарда ишкерликти өнүктүрүү, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө тийиш. Каралган иш-чаралардан тышкары, шаарларды өнүктүрүүнүн бекитилген программаларын сапаттуу ишке ашырууну шарттаган кошумча чараларды көрүү зарыл», – деди Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. 

Биринчи вице-премьер-министр министрлик жана ведомвстволордун жетекчилерин өсүү чекити-пилоттук шаарларды өнүктүрүүдө жолдордун курулушу, энергетиканы өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо жана туризм маселелеринин тыгыз байланышына көңүл бурууга чакырды. 

Кеңешмеде Кубатбек Боронов өсүү чекити-шаарларын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды жүзөгө ашыруунун начардыгын белгиледи. Муну эске алуу менен ар бир шаардын мэрине кыска мөөнөттүн ичинде аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык планды иштеп чыгуу, өсүү чекити-шаарларын активдүү өнүктүрүүгө тоскоол болгон кемчилдиктерди четтетүү тапшырылды.