Жаңылыктар
Бийчи Атай Өмүрзаков Кытайда өткөн "World's Got Talent" шоусуна катышты
Маданият
Бийчи Атай Өмүрзаков Кытайда өткөн "World's Got Talent" шоусуна катышты

Бийчи Атай Өмүрзаков "Тотем шоу" деп аталган жаңы бий тобу менен Кытайда өткөн "World's Got Talent" шоусуна катышты. Мекендештерибиз аткарган номер калыстарды жана көрүүчүлөрдү таң калтырып, купулуна толуп, алар топтун мүчөсү Адинайга бир катар суроолорду узатышкан.

Бийчилер шамдагай карыялар жөнүндө номер аткарышкан. Сценарий боюнча улгайган адамдар окумуштуулар ойлоп тапкан мүрөктүн суусун ичип, жашарып, бийлеп башташат. Атай Өмүрзаков өзүнүн Facebook баракчасына топтун сынактын жарым финалына өткөнүн жазган. 

Эске салсак "Тотем шоу" тобу "Үмүт-Надежда" балдар борборунан чыккан "Тумар" тобу менен биргеликте түзүлгөн, топтун жетекчиси — Атай Өмүрзаков.