Жаңылыктар
Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган 11-театралдык фестиваль жыйынтыкталды
Маданият
Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган 11-театралдык фестиваль жыйынтыкталды

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында СССРдин Эл артистти Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган 11-театралдык фестиваль жыйынтыкталды. 

Анын алкагында өлкө аймагындагы театр өнөрпоздору даярдаган спектаклдер көрсөтүлүп, “эң мыкты спектакль”, “эң мыкты режиссёр”, “мыкты көркөм жетекчи”, “мыкты актёр”, “мыкты аткарылган эркектин жана аялдын ролу" наамдары менен сыйланышты. 

Анда эң мыкты спектакль наамы үчүн баш байге "Кылым карытар бир күн" спектаклине, эң мыкты режиссура үчүн Талант Апыевдин “Үй камагы” спектакли, мыкты сценографияга "Көздөн учкан көк жээк" спектакли үчүн Бакыт Тилекматов сыйланды. Ошондой эле “мыкты дебют” Бегимай Касымалиевага берилди, мыкты эпизоддук ролу үчүн Бактыгүл Камытова, “мыкты эркектин ролу” номинациясында Шаршен Дүйшөнкулов, ал эми “мыкты аялдын ролу” үчүн Гүлнара Сатарова сыйлыктарга ээ болушту.