Жаңылыктар
Кыргызстан элдер ассамблеясы өзүнүн чейрек кылымдык мааракесин белгиледи
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан элдер ассамблеясы өзүнүн чейрек кылымдык мааракесин белгиледи

Кыргызстан элдеринин ассамблеясына 25 жыл. Коомдук бирикме өзүнүн чейрек кылымдык мааракесин 3-майда белгиледи. 

Бул аралыкта өлкөдө элдин биримдигин, улут аралык мамилени чыңдоого багытталган иш аракеттер, алдыга коюлган максаттар тууралуу кеңири ой-пикирлер айтылып, жыйынтыктар чыгарылды. 

Иш-чарага Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстан элдер ассамблеясынын өкүлдөрү да мейман катары катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элдеринин ассамблеясы 25 жыл ичинде элдердин биримдигин, достук ынтымагын бекмдеп, тынчтык туруктуулукту сактоо жана улуттар аралык алаканы чыңдоого опол тоодой салым кошконун белгиледи. 

Мындан ары да бирге болуп, карт тарыхыбызга, терең маданият, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими терең, дени сак коомду түзүү милдет. Андыктан келечекте урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз деп баса белгиледи.