Кыргыз спортчуларынын дагы бир ири жеңиши. Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия биринчилигинен биздин балбандар 8 медаль менен кайтышты.
Анын ичинен аялдар күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын медалдын ээси болуп, үчүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жсупбеков да атаандаштыранын бардыгын жеңип, алтын медаль утту.
Мындан сырткары биздин команданын эсебинде 1 күмүш жана 5 коло бар.