Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 5-майда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күндүзү Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында – 4,5 балл, Ыштык айылында - 3,5 балл жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Мындан сырткары Ак-Суу районунун Эңилчек, Курган айылдарында 3 балл, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.