Жаңылыктар
Май айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат
Кыргызстан жаңылыктары
Май айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

Май айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эскертти. 

Дем алыш күндөрдү аныктаган өкмөттүн токтому 2018-жылдын 24-декабрында чыккан. 

Ага ылайык, жаздын акыркы айында төмөнкү күндөр эс алуу күндөрү катары саналат: 9-май - Жеңиш күнү, 10-май иш күнү болушу керек эле, бирок Конституция күнү белгиленген 5-майдын эсебинен эс алуу күнү деп жарыяланды. Ал эми, 11-12-май - дем алыш күндөрү.