Жаңылыктар
Муфтият битир-садаканын баасын бекитти
Дин
Муфтият битир-садаканын баасын бекитти

Муфтият битир-садаканын баасын бекитти. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. 

Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди. Буудайдан сырткары, ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 384 сом, ун – 40 сом, арпа – 48 сом болсо, курманын баасы 480 сомду түздү. Мусулмандар битир-садаканы өз калоосу менен мечиттерде бере алышат.