Жаңылыктар
Санкт-Петербургта зомбулук менен өлтүрүлгөн кыргыз жаранынын денеси табылды
Кылмыш
Санкт-Петербургта зомбулук менен өлтүрүлгөн кыргыз жаранынын денеси табылды

Санкт-Петербург шаарында 3-май күнү болжол менен саат экилер чамасында Яковлевск көчөсүндөгү №6 үйдө кыргызстандыктын жансыз денеси табылды. Каза болгон адам Ысык-Көл облусунун тургуну экени аныкталды. Бул жөнүндө ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тил келишпестиктин айынан чыккан чыр-чатактан бет тарабына көптөгөн соккулардан улам алган жаракатынан каза болгондугу аныкталган.

Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Россия Федерациясынын  тургуну кармалган. М.М. аттуу жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. 

Россиянын ИИМдин Башкы маалыматтык-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча М.М. аттуу жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы учурда, тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң гана С.Б. аттуунун туугандары тарабынан “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.