Жаңылыктар
“Дарак ыры” тасмасы Москва шаарында көрсөтүлүүдө
Маданият
“Дарак ыры” тасмасы Москва шаарында көрсөтүлүүдө

Ушул күндөрү кинорежиссер Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы Россия Федерациясынын Москва шаарында көрсөтүлүүдө. Алгач фильм ал жерде жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештерибиз үчүн кыргыз тилинде көрсөтүлсө, башка улуттун өкүлдөрү үчүн тасма орус тилиндеги котормосу менен тартууланып жатат. 

Кыргыз элинин байыртадан берки келе жаткан каада-салтын, үрп–адатын, оюндарын, ошондой эле кооз болгон улуттук кийимдерин камтыган “Дарак ыры” кино дастаны биринчи жолу Москвадагы чоң кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткандыгы мекендештерибиз үчүн жагымдуу маанайды жаратууда. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Ульмас Каюмова, "Биринчи радир"