Жаңылыктар
УКМК: баңгизат жасаган жаран кармалды
Кылмыш
УКМК: баңгизат жасаган жаран кармалды

Ошто ири өлчөмдө баңгизат жасоодо колдонулуучу каражат менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн 6-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, аны менен кошо дагы бир адам, коңшу өлкөнүн жараны колго түшүрүлдү. 

Тинтүү учурунда шектүүнүн машинесинен 100 литрден ашуун уксус кычкылынын ангидриди табылган. Бул каражатты ал коңшу өлкөлөрдүн бирине жөнөтүүгө аракет кылган. Окуяга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Ангидрид - баңгизат жасоодо пайдаланылуучу каражат.