Жаңылыктар
Өзбекстанда дрон учургандар 10 жыл абакка отурат
Дүйнө
Өзбекстанда дрон учургандар 10 жыл абакка отурат

1. Борбор Азия  өлкөлөрү өзөктүк курал колдонулбай турганы боюнча расмий түрдө кепилдик берүүнү  Вашингтондон талап кылды;

2. Ирандык боксер рингге хиджабы жок чыкканы үчүн соттолушу мүмкүн;

3. 2100-жылы “Facebook”  социалдык тармагында учурдагы колдонуучуларга караганда көзү өтүп кеткен  адамдардын баракчасы көп санда болот;

4. Өзбекстанда дрон учургандар 10 жыл абакка отурат;

Борбордук Азия өлкөлөрү аларга каршы өзөктүк курал колдонулбоо кепилдигин Вашингтондон талап кылды

Борбордук Азия түндүк жарым шаардагы өзөктүк куралы жок жалгыз гана аймак болуп саналат. Бул тууралуу Казакстан делегациясынын жетекчиси Ержан Ашикбаев 2020-жылы өтө турган “Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин” үчүнчү даярдыгы өтүп жаткан конференцияда айтты. Ал өзөктүк курал колдонулбай турганы боюнча келишимди толугу менен расмий түрдө бекитүүнү АКШдан суранды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жаңылыктар кызматы жазган. Маалыматка ылайык, Ержан Ашикбаев Борбор Азиянын координатору жана Казакстан делегациянын башчысы катары АКШдан өзөктүк курал колдонбоо боюнча кепилдик сурап, өзөктүк куралсыздандырылган зоналарды түзүү үмүтүн билдирди. Ошондой эле ал ядролук курал жок өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусу боюнча жыйын өтө турганын билдирген. 

Өзөктүк куралсыз эркин аймактарды түзүү кыймылы 1959-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен Антарктика келишимине кол коюлганда башталган. Бул документке ылайык, аймакта радиоактивдүү заттарды көмүүгө жана өзөктүк байкоолорду жүргүзүүгө тыюу салынган. 1967-жылы Латын  Америка жана Кариб бассейнин куралсыздандыруу боюнча Тлателолко келишимине кол коюлган. 1986-жылы тиешелүү макулдашууга Тынч океандын түштүк тарабында жайгашкан өлкөлөр да барган. 1995-жылы Түштүк Чыгыш Азия өзөктүк куралдан эркин аймакка айланса, 2006-жылы Борбор Азия кирген. Борбор Азияны өзөктүк куралдан  эркин зонага айлантуу боюнча келишим 2006-жылы Кыргызстан, Казакстан,  Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери тарабынан коюлган. Ал 2009-жылы мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген.               

Ирандык боксер рингге хиджабы жок чыкканы үчүн соттолушу мүмкүн

Ирандык боксер Садаф Хадем рингге хиджабы жок чыкканы үчүн соттолушу мүмкүн. Бул тууралуу “Eurosport” сайты жазып чыкты. Ал эми “Говорит Москва” сайты жазган маалыматка ылайык, ал эркек адамдын астында машыкканы үчүн да айыпталган. Иран бокс сүйүүчүлөр федерациясы бул конфликтке кийлигишпөөнү чечти. Жетекчисинин айтымында, спортчу федерациянын атынан катталган эмес. Башкача айтканда, ал турнирге жеке адам катары катышкан. Айта кетсек, Хадем эл аралык деңгээлге чыккан биринчи спортчу. Учурда Хадем жана анын машыктыруучусу Францияда калып, баш калка суроодо.      

Борбор Азиядагы “Comic Con” аттуу биринчи фестиваль Казакстанда өтөт. Нур-Султанда комикс искусствосуна арналган дүйнөлүк масштабдагы фестиваль өтөт. Ага “Disney”, “Marvel”, “Wargaming”, “Turner”, “НВО”, “Nickelodeon” жана “Sony Pictures Entertainment” өңдүү дүйнөлүк бренддер катышат. Бул тууралуу эл аралык Си-Эй Ньюс сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 31-майдан тарта 2-июнга чейин Казакстанда жана жалпы Борбор Азия өлкөлөрүндө эл аралык “Comic Con” көргөзмөсү өтөт. “Comic Con” фестивалынын форматы биринчи жолу Америка Кошмо Штаттарында негизделген. Аталган фестиваль жалпы кино, комикс, сериал сүйүүчүлөр жана видео оюндар менен мультиктердин күйөрмандарына кеңири таанымал. Фестивалга жалпы 70 000 конок катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле коноктор үчүн үстүбүздөгү жылдын эң мыкты аталган комикс, фильм жана мультиктерин көрүп, алардын каармандарынын костюмдарын кийип же сүйүктүү актёрлору менен сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Өзбекстанда дрон учургандар 10 жыл абакка отурат

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеёв Кылмыш кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу эл аралык "Си эй ньюс" сайты билдирди. Кодексте абада адамсыз учуучу транспорт каражаттарын сатуу, сатып алуу, сактоо же пайдалануу өңдүү иш-аракеттерге 3 жылдан тарта 10 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу киргизилген. Мындан тышкары абада адамсыз учкан дрон үчүн ээлери дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындай өзгөрүү 6 айдан кийин иштей баштайт. Тагырак айтканда, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирет. Эске сала кетсек, өз каалоосу менен дронун тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.   

2100-жылы “Facebook”  социалдык тармагында учурдагы колдонуучуларга караганда көзү өтүп кеткен  адамдардын баракчасы көп санда болот

2100-жылы “Facebook” социалдык тармагында учурдагы колдонуучуларга караганда көзү өтүп кеткен адамдардын баракчасы көп санда болот. Мындай эсепти Оксфорд университетинин изилдөөчүлөрү берди. Окумуштуулар учурдагы өлүмдүн саны менен калктын болжолдуу санын жана “Facebook” социалдык тармагынын колдонуучуларынын санын алып эсептеген. Алардын эсеби эки мүмкүн болгон жагдайда каралган. Биринчиси, социалдык тармакка 100 жылдын аягына чейин эч ким катталбайт, экинчиси, колдонуучулардын саны ушундай тез темпте өсүүсүн улантат. Башкача айтканда жылда 13 пайызга өсөт.   

АЗЕРТАДЖ” сайты берген маалыматка ылайык, биринчи шартта социалдык тармактын колдонуучулары карып жана саны төмөндөйт. Мындай учурда 1 жарым млрд колдонуучунун 500 млну 2060-жылы көзү өтөт, ал эми 2079-жылы каза болгондордун саны 1 млрд болот. Ошондо, 50 жылдан кийин көзү өткөн колдонуучулардын баракчасы тирүү адамдардын баракчасынан кыйла көп болот. Бирок, “Facebook” социалдык тармагына катталган колдонуучулардын саны кыскарат деген божомол болбогондуктан окумуштуулар экинчи шартка басым коет. Экинчи шарт колдонуучулардын саны күндөн күнгө өскөнүнө байланыштуу 2100-жылы социалдык тармактын көзү өткөн колдонуучуларынын саны 4,9 млрдга жетерин көрсөтөт. (аудио)

Асел Шамилова, “Биринчи Радио”