Жаңылыктар
Орусияда кырсыктаган учакта кыргызстандыктар жок
Кырсык
Орусияда кырсыктаган учакта кыргызстандыктар жок

Орусияда учак кырсыгында жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 6-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Орусиянын Тергөө комитети «Sukhoi Superjet» учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү мерт болгонун ырастаган. «Аэрофлот» компаниясынын Москвадан Мурманскка жөнөгөн учагында жалпысынан 78 киши - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.

«Sukhoi Superjet» учагы асманга көтөрүлгөн соң, жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон.