Жаңылыктар
ЖАМК: абактарды текшерүүдө 30 чөнтөк телефон алынды
Кылмыш
ЖАМК: абактарды текшерүүдө 30 чөнтөк телефон алынды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактарда тинтүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Мекеме кызматкерлеринин кезектеги тинтүү иштеринде №3 түрмөдөн 30 чөнтөк телефону, аларды дүрмөттөөчү жабдыктар, 12 кулакчын, 15 сим-карта табылган. Мындан тышкары, 1 литр брага, 1 литр бензин, колго жасалган жылытуучу мештер, элүүдөн ашуун бычак жана эки темир сейф алынган.

Казылган жерлер табылган эмес. Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 түрмө катаал режимдеги жаза өтөөчү жай болуп саналат.