Жаңылыктар
Ноокаттык мигранттар айылына көпүрө салып беришти
Аймак
Ноокаттык мигранттар айылына көпүрө салып беришти

Ноокаттык мигранттар айылына көпүрө салып берди. Муну менен сай кечип окууга барган мектеп окуучуларынын коопсуздугу камсыздалды. Ашар ыкмасындагы көпүрө пайдаланууга берилди. Ага мигрант балдардын жакындары, айыл тургундары катышты.

Жергиликтүү калктын айтымында, эрте жаздагы суу ташкыны сайдагы көпүрөнү жылда агызып кетет. Мындайда, аркы өйүздөгү 50дөй кожолуктун аймактын борбору менен болгон байланышы үзүлөт. Балдары мектепке барбай калат.
Ушул муктаждыкты эске алган мигранттар, мамлекеттин жардамын күтүп отурбай, сайга жаңы көпүрө куруу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Уюуштуруу ишин элеттеги эки тургун жоопкерчилигине алган.
Көпүрөнү курууда - атайын адистин кеңеши да эске алынды. Ал тургай, кооптуулук жараткан сай жээги торчолонгон тосмо менен бекемделди. 500 метр жерге курулган дамбаны элеттиктер өздөрү тургузду.

Курулушка жалпы 500 миң сомдой каражат сарпталган. Мунун 200 миңин айыл өкмөт берсе, калганын сыртта иштеп жүргөн мигрант балдар жиберген. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдик жемишин берип, минтип, жаңы көпүрө ийгиликтүү бүткөрүлүп, ачылышы болду. Жаңы көпүрөнүн узуну 10, эни 3 метрди түздү.

Элдин салымы менен ишке ашкан мындай демилге аймакта жалгыз эмес. Өткөн жылы жарыктандырылган 17 чакырым көчөнүн 8 чакырымы элдин салымы менен бүткөн. Эки айылдагы эки суу бургалоочу станция дагы дал ушул көпчүлүк менен ишке ашкан.
Өткөн жылы Мирмахмудов айыл аймагында 4 жаңы ишкана ачылып, 60тай тургун жумуш оруну түзүлгөн. Аталган аймакта 4 миң кожолук же, 24 миңден ашуун калк жашайт.