Жаңылыктар
ЧЛ: "Атлетико" 2:0 "Барселона", "Бавария" 2:2 "Бенфика"
Спорт
ЧЛ: "Атлетико" 2:0 "Барселона", "Бавария" 2:2 "Бенфика"

13-апрель түнү Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалында 2 беттеш орун алды. Алардын бири Испаниянын баш калаасы Мадриддеги “Висенте Кальдерон” стадионунда "Атлетико"-"Барселона" клубтары кез келди. Оюн жыйынтыгы "Атлетиконун" пайдасына аяктап, мелдештин кийинки бөлүгүнө өттү (эки оюндун эсеби "Атлетико" 3:2 "Барселона"). Антуан Гризманн 36-мүнөттө жана пенальтиден гол киргизди

Ал эми өз жери болгон Португалиянын Лиссабон шаарындагы "Эстадио да Луж" майдан талаасында "Бенфика" "Баварияны" кабыл алып, 2:2 эсеби катталды. Мурунку эсепти эске алганда, "Бенфика" Чемпиондор Лигасынын кийинки баскычына өтпөй калды("Бенфика" 2:3 "Бавария"). Гол жараткандар: ("Бенфиканын" оюнчулары) Рауль Хименес 27-мүн.Андерсон Талиска 76-мүн. "Бавариянын" футболчулары: Артуро Видаль 38-мүн. Томас Мюллер 52-мүн. 

Ошентип бул беттештердин жыйынтыгы менен Чемпиондор Лигасынын жарым финалына "Атлетико" жана "Бавария" командасы чыкты. Демек, бүйүрдү кызыткан таймаштар али алдыда.





Фото championat.com сайтына таандык.