Жаңылыктар
"Өчпөс полк" акциясына даярдык көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
"Өчпөс полк" акциясына даярдык көрүлүүдө

Улуу Жеңиш майрамында боло турган жүрүшкө Президент Сооронбай Жээнбеков да катышат. Бул акция жалгыз Бишкекте гана эмес, өлкөнүн башка шаарларында да уюштурулат.

Жеңиш майрамын Бишкекте өчпөс оттун жанында өткөрүү салтка айланган. Майрамга саналуу күндөр калганда дал ушул жерге келгендер көбөйүп, согуштун баатырлары даңкталууда. Тарыхта өчпөс так болгон өткөн кылымдагы окуяларды студенттер да эскеришти. “Өчпөс полк” акциясын уюштурууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары да катышууда. Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталган жөө жүрүш Жеңиш аянтына чейин уланат. Былтыркы акцияга президент Сооронбай Жээнбеков да катышкан. 

Мамлекет башчысы жүрүшкө быйыл да кошулаары күтүлүүдө. Жүрүш майрам күнү саат ондо башталат. Бардык каалоочулар катышса болот. Эч кандай каттоого алуу талап кылынбайт. Учурда “Өчпөс полк” акциясы жыйынтыктала турган Жеңиш аянтында майрамга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Дал ушул жерде расмий иш-чаралар өткөрүлүп, тынчтыкты, мекенди даңктаган ырлар жаңырат. 500 түгөй бийчилердин катышуусунда Жеңиш вальсы да аткарылат.