Жаңылыктар
Кыргызстандын мыкты экспортчулары сыйланды
Экономика
Кыргызстандын мыкты экспортчулары сыйланды

“Кыргыз Республикасынын мыкты экспортёру” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чара Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик тарабынан уюшулган. Сыйлыктар тигүү, курулуш жана кол өнөрчүлүк тармагынан болуп отуруп 25 компанияга тапшырылды. 

Улуттук сынакты өткөрүү чечими экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, өнөр жай, туристтик жана агрардык комплексти өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Сынактын негизги милдети коомчулукту, соода өнөктөштөрдү жана инвесторлорду Кыргызстандын мыкты экспортчулары тууралуу маалымдоо болду.