Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстандын музыканттары өз ара тажрыйба алмашышты
Маданият
Кыргызстан менен Казакстандын музыканттары өз ара тажрыйба алмашышты

Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында музыка сүйүүчүлөрдүн урматына дүйнөлүк классикалык чыгармалар аткарылды. Анда Казакстандан келген музыканттар фортепиано жана виолончель аспаптарынын коштоосунда дүйнөлүк атактуу композиторлор Людвиг ван Бетховен, Франц Петер Шуберт, Иоганнес Брамстын белгилүү чыгармаларын аткарышты. 

Саамалык дүйнөлүк музыканын шедевр чыгармаларын даңазалоого багытталган. Анын жүрүшүндө эки өлкө музыканттары өз ара тажрыйба алмашып, окуу жайдын студенттерине таалим сабактары уюштурулду.