Жаңылыктар
Аймактардагы экспортчуларды колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилет
Экономика
Аймактардагы экспортчуларды колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилет

"Иштеп жаткан жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо" долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя берилет. Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Аталган долбоорду өкмөт 2019-жылдын май айынан тартып ишке киргизет. Анын башкы максаты — аймактардагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкерлерге, финансылык колдоо көрсөтүү. Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, тамак-ашты кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик ишканалар, коммерциялык банктардан 3-5 жылга чейин жылдык үстөгү 8-10 пайыздык узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

Буга чейинки "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1" долбооруна салыштырмалуу жаңы долбоордо патенттик негизде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тигүү ишканалары үчүн жеңилдетилген насыя каражаттарын алуу укугу каралган.