Жаңылыктар
Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча соттук териштирүү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча соттук териштирүү башталды

Ош шаардык сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү башталды. 7-майда алдын ала маалымат берүүчү жараян башталды.

Сот жабык өтүүдө. Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында.