Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы театр имараттары оңдолот
Маданият
Бишкек шаарындагы театр имараттары оңдолот

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры менен Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын имараты капиталдык оңдоодон өтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маданий жайлардын абалы менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге оңдоо иштери үчүн каржы маселесин чечүүнү тапшырды. 

Кыргыз драма театры толук оңдоо иштерине жана жаңы жылытуу системасына муктаж. Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры жаңы курулган жетимишинчи жылдардан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.