Жаңылыктар
Гемодиализ алган бейтаптарды бекер дарылоо акциясы жүрүүдө
Ден соолук
Гемодиализ алган бейтаптарды бекер дарылоо акциясы жүрүүдө

Орозо айы башталганы ар кандай кайрымдуулук иш-чаралары күч алды. Бишкек шаарындагы жеке медициналык борбор Орозо айы аяктаганчакты, бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализ алган бейтаптарга бекер дарылануу акциясын сунуштап жатат.

Бөйрөгүнөн жабыркап калганын жакында гана билген пенсионер Арзыкан апанын бир апталык дары-дармеги 16 миңден ашык акчаны таап кылат. Анткени, ага коюлган дарттын аныктамасы боюнча бөйрөгү кургап бараткандыктан, эки күндө бирден гемодиализ алып турушу керек. Буга чейин башка клиникалардан дарыланып жаткан бейтап, бул борборго бүгүн келди.
Арзыкан апага окшоп Орозо айындагы кайрымдуулук иш чарасына туш болгондордон эки күндөн бери 10 бейтап ушул борборго кайрылган.
Маалымдалгандай, гемодиализдин бир процедурасы 5 миң сомго жакын. Ушул тапта Кыргызстандагы бейтаптардын көпчүлүк чыгымдары медициналык камсыздандыруу фондунун эсебинен жабылат. Бейтап болсо 500 сомду гана төлөйт. Ошондо кайрымдуулук акциясынын алкагында дал ошол каражат да төлөнбөй, бир ай бою бекер дарылана алышат. Ал эми жеңилдетилген дарыланууга өтө элек бейтаптарга болсо, буга чейин айына 60 миң сомдон ашык каражат сарпталып келсе, бул борбор анын жарым акчасына гана дарылайт.

Кыргызстанда жалпысынан 2 миңдин тегерегинде бейтаптар гемодиализ алышат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, күн сайын бюджеттик гемодиализ алуу үчүн жаңы кайрылуулар келип түшүүдө. Бюджеттик негизде процедурадан жалпысынан 539 бейтап өтсө, 600 дөн ашык бейтап жеңилдетилген дарыланууга которулган.