Жаңылыктар
Белгилүү композитор Насыр Давлесов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак
Маданият
Белгилүү композитор Насыр Давлесов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, мамлекеттик гимндин автору, көрүнүктүү дирижёр, композитор жана профессор Насыр Давлесов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. 

Буга карата Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде илимий-практикалык конференция уюштурулду. Насыр Давлесов бир топ жыл Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру болуп эмгектенген. 

200гө жакын ырдын автору, алардын ичинен негизгиси - Кыргызстандын мамлекеттик гимни. Иш-чаранын уюштуруучуларынын баамында, Насыр Давлесовдун эмгеги кийинки муунга жайылышы керек.