Жаңылыктар
Мамлекетке 65 миллион сомдон ашык зыян келтирген аферисттик амал
Кылмыш
Мамлекетке 65 миллион сомдон ашык зыян келтирген аферисттик амал

Каржы полициясы мамлекетке 65 миллион сомдон ашык зыян келтирген дагы бир фактынын бетин ачты. 

Атайын түзүлгөн топ сырттан келген продукцияны салык төлөбөй алып өтүүнүн амалдуу жолдорун иштеп чыгышкан. 

Тергөөдө анык болгондой, көмүскө иштерди уюштургандар Талас облусунун Сулуу-Маймак айылынын тургундары. Алардын башында Датка Абасбек уулу аттуу жигит тураары маалым болуп, ал азыр издөөдө. 

Айылдаш 3 жигит Сергей Айбасов деген кишини таап, ал аркылуу республикалык наркология борборунда каттоодо турган адамдарга чыгышкан. Жыйынтыгында 10-15 000 сомго макул адамдар ишкер болуп чыга келген.

Негизги иштерди 4 ортомчу аткарган. Алар калктын аялуу катмарынан адамдарды издеп таап, жеке менчик ишкер катары салык кызматына каттаткан. Алар өз кезегинде, ортомчунун наамына ишеним кат жазып, шылуундар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга эркин товар өткөрүү укугун алган. Ортомчулардан турган топ товардын баасын жана көлөмүн төмөн көрсөтүп, чек арадан алып өтүп турган.

Чек арадан документтерди текшерчү кызмат адамдары эмнени караган же өзүлөрү дагы аралашканбы деген суроо жаралат. Каржы полициясы документ толтуруудагы мыйзам бузуунун бетин ачкан.

Ортомчулар импорт товарларын кабыл алуу менен алек болсо, ишеним кат жазып берген адамдардын мойнуна миллиондогон салык төлөмдөрү үйүлө берген.

Каржы полициясы жаш жигиттер мынчалык амал ойлоп таба алмак эмес, алардын башында аттуу-баштуу адамдар турат деп шектенип, издөө иштерин улантууда.