Жаңылыктар
Радио күнүнүн жаралуу тарыхы
УТРК жаңылыктары
Радио күнүнүн жаралуу тарыхы

7-Май - Дүйнөлүк илим жана техника тарыхында радионун жаралуу күнү катары кирген. 

Дал ушул күнү 1895-жылы Орус физико-химиялык коомунун жыйынында Александр Попов атайын доклад менен сүйлөгөн. Анда Попов дүйнөдөгү эң алгачкы радио кабыл алуучу аппаратты иштетип, радио сеансын ишке ашырган. 

Поповдун дүйнө коомчулугуна радиону тартуулаган күндөн баштап 7-май-радио күнү катары белгиленип келет.

Амина Акматова Мин-Кыял FM радиосунда эки жылдан бери эмгектенет. Диджей болуу кыялы окуп жүргөн кезде орундалган. Азыр анын өзүнүн рубрикалары жана сүйүп уккан угармандары бар.

Ал эми Жамиля Акматова бул тармакта иштегенине 32 жыл болду. Ал Биринчи радиону негиздегендердин бири. 

Телерадиокорпорациянын радио тармагынын пайда болушу жана өнүгүшүн өз көзү менен көргөн, көп жылдык тажрыйбасы бар адис. Жакында эле ТҮРКСОЙдун сыйлыгына татыды.

Радио күнү "Сейтек" борборунда дагы, бардык байланыш тармагында эмгектенген адамдардын катышуусунда белгиленди.

Азыркы убакта Кыргызстанда 30 ашуун радиостанциялар иштеп келе жатат. Интернеттин кенен жайылышында деле радио - маалыматты алууунун ишенимдүү жана өзгөчө айыл жергесинде, алыскы аймактарда негизги булак болуп келет.