Жаңылыктар
Өлкөнүн баардык мектептеринде акыркы коңгуроо шаан-шөкөтсүз белгиленет
Билим
Өлкөнүн баардык мектептеринде акыркы коңгуроо шаан-шөкөтсүз белгиленет

Акыркы коңгуроо майрамы өлкөдөгү мектептерде адаттагыдай тартипте өтөт. Бүтүрүүчүлөр ыр-бийлерин аткарып, ырым катары көгүчкөн учурат. Мектеп жетекчилиги тарабынан жылуу сөздөр арналган соң, акыркы коңгуроо салтанаттуу түрдө жаңырып, окуучулар тарайт. 

Акыркы коңгуроодо кийин отуруш уюштуруу, тоого барууга тыюу салынат. Эгерде уюшула турган болсо балдардын саламаттыгына ата-энелер жоопкерчиликтүү.

Былтыр айдоочулук күбөлүгү жок 12 окуучу кармалган. Кечки саат 9 да сокулук районунун 12 окуучусу коттедж ижарага алып, майрамдап жаткан жеринен кармап, үйлөрүнө таратканбыз, - деп билдирди ИИМдин бөлүм башчысы Азамат Абдрахманов.

Билим берүү министрлиги тыюу салганы менен ата-энелер демилге көтөрүп, перзенти үчүн майрам өткөрүп берүүнү чечет. Акыркы убакта бүтүрүү кечеси өзгөчө машакатка айланып, кийимдер астейдил тандалып, сырткы кооздукка өзгөчө көңүл бурулат.

Адистер бүтүрүү кечесинде перзентин коштоп жүрүү керектигин ата-энелерге эскертет. Кечкисин өз алдынча сейилдеп жүргөн бүтүрүүчүлөрдү милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт.