Жаңылыктар
Өкмөт гемодиализди каржылоого 60 млн. сом бөлдү
Ден соолук
Өкмөт гемодиализди каржылоого 60 млн. сом бөлдү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 118 жарандын гемодиализин каржылоого  60 миллион сом алды. Бултууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бөйрөгу ооруган 5,5 миңден ашык бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат. Анын бир жолку процедурасы  6000 сомдон 7500 сомго чейин бааланат. 

Токтомго ылайык, аталган фонд менчик медициналык борборлор менен түзүлгөн келишимдин негизинде бейтаптын бир процедурасы үчүн 4500 сом төлөп берсе, калган 2000-2500 сомду бейтаптар  өздөрү төлөйт.