Жаңылыктар
Бишкекте “Өлбөс полк” акциясына 70 миңдей жаран катышары болжолдонууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Өлбөс полк” акциясына 70 миңдей жаран катышары болжолдонууда

"Өлбөс полк” акциясына даярдык көрүлүүдө. Улуу Жеңиш майрамында боло турган жүрүшкө Президент Сооронбай Жээнбеков да катышары айтылды. Акцияга катышуучулардын саны жылдан-жылга арбып барат. Былтыр 50 миңдей адам катышкан болсо, быйыл катышабыз деп кайрылгандар абдан көп. 60-70 миңдей адам катышары болжолдонууда. 

Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталган жөө жүрүш Жеңиш аянтына чейин уланат. Жүрүш майрам күнү саат ондо башталат. Бардык каалоочулар катышса болот. Эч кандай каттоого алуу талап кылынбайт. Бул акция жалгыз Бишкекте гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында дагы уюштурулат.