Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирде биринчи лиганын финалисттери аныкталды.
Таластын "Ынтымак" командасы жарым финалда Чүйдүн "Сары-Өзөн Рассвет" командасынын улакчыларын 8:0 эсебинде утуп алды. Ал эми экинчи жупта Оштун "Достук" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынын оюнчуларын 10:4 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Буга чейин биринчи лигада Ысык-Көл облусунан "Көл-Төр" менен Талас облусунан "Кара-Буура" командалары финалга жолдомо алышкан. Биринчи орун үчүн оюндар 9-май күнү өтөт. Бул турнирди Көк бөрү федерациясы уюштурууда.