Жаңылыктар
ӨКМ: 2018-жылы сууга чөгүү боюнча 38 факт катталган
Кырсык
ӨКМ: 2018-жылы сууга чөгүү боюнча 38 факт катталган

Чүй облусунда былтыр 9 бала сууга чөккөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Учурда жайкы мезгилге карата ӨКМ Чүй облусунда сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2018-жылы сууга чөгүү боюнча 38 факт катталган. Алардын ичинен 23 адам эркек, алтоо аял жана тогузу жаш балдар болгон. «Чүй облусунун аймагындагы суу объектилерине инвентаризация жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 399 суу объектиси аныкталып, анын ичинен 22 объект сууга түшүүгө ыңгайлаштырылганы белгилүү болгон», -деп билдиришти ӨКМден.