Жаңылыктар
Кыргызстанда Манас тууралуу тасма тартылабы?
Маданият
Кыргызстанда Манас тууралуу тасма тартылабы?

Кыргызстанда Манас тууралуу тасма тартуу идеясын ишке ашыруу керек. Айрым кино ишмерлердин мындай демилгесин бир катар белгилүү кинорежиссерлор колдоого алышып, аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. 

Алар кыргыз элинин бүтүндүгү үчүн күрөшкөн легендарлуу баатырдын өмүр жолун тасмага түшүрүүгө мезгил келип жеткендигин белгилешет. Манас эпосунда баатырдын эрдиги гана эмес, кыргыздардын тарыхы жана каада-салты да айтылат. Буга чейин даңазалуу Манас тууралуу тасма тартуу ниети бир канча ирет көтөрүлгөнү менен, ишке ашпай келген. Ага эмне себеп болгон? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"