Жаңылыктар
Кол өнөрчүлөрдүн ишин өнүктүрүү максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты
Маданият
Кол өнөрчүлөрдүн ишин өнүктүрүү максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн укугун коргогон мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мыйзамдын демилгечиси депутат Айнуру Алтыбаеванын пикиринде, өлкөнүн жүзүн көрсөтүп, тааныта тургандар кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары болуп эсептелет. Анткени, келген туристтер Кыргызстандан жасалган улуттук баалуулуктар болгон буюмдарга кызыгып, сатып алышат. 

Андыктан, өз алдынча, чакан майда ишканаларды ачып, иштетип жаткан кол өнөрчүлөр чет өлкөлүктөрдүн ири көлөмдөгү буйрутмаларын талаптагыдай орундата албай келишет. Буга байланыштуу чебер-уздар кол өнөрчүлүк буюмдары мамлекеттик деңгээлдеги ири иш чараларда гана көрсөтүлгөн көрсөтмө курал катары болбостон, чакан ишкана – уюмдарды бириктирип, ири ишканаларды ачууну көздөшүүдө. Ал үчүн кол өнөрчүлүк тууралуу атайын мыйзам чыгаруу өтүнүчү менен мыйзам чыгаруучуларга кайрылышкан.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Раткан Асанова, "Биринчи радио"