Жаңылыктар
"Манас" аэропортун жана аймактык аба майдандарын өнүктүрүү аракети көрүлүүдө
Экономика
"Манас" аэропортун жана аймактык аба майдандарын өнүктүрүү аракети көрүлүүдө

"Манас" эл аралык аэропортун жана аймактык аба майдандарды модернизациялоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү тездетилсин. Мындай тапшырманы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу кеңешмеде билдирди. 

Өкмөт башчы белгилегендей, «Манас» аэропорту өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, буга байланыштуу авиа түйүндү инвестиция тартуу аркылуу мындан ары карай өнүктүрүү жана модернизациялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

«Атаандаштык жылдан жылга өсүп жатат. Өлкө аймактарында аэропорттордун инфраструктурасы динамикалуу өнүгүүдө, учуу тилкелери модернизацияланып жана жүргүнчүлөр агымы көбөйдү. Биз ылайыктуу бизнес-модель табууга тийишпиз. Ал натыйжалуу ишке ашырылып, аэропортту модернизациялоону камсыздап, инвестицияларды тартуу жолу менен ата мекендик жарандык авиацияны өнүктүрөт», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.