Жаңылыктар
Асылбек Жээнбековдун ордун ким басат?
Саясат
Асылбек Жээнбековдун ордун ким басат?

Жогорку Кеңеште төраганы тандоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, бүгүн бул маселе парламенттин жабык жыйынында чечилиши мүмкүн. Учурда спикерлик кызмат “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин аты аталууда.  

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин  жыйынында Төрага Асылбек Жээнбеков өзүнүн агасы Сооронбай Жээнбеков Өкмөт башчы болуп дайындалганына байланыштуу кызматын тапшырган.