Жаңылыктар
Бишкекте маданий-агартуу багытында Европа күндөрү өтөт
Маданият
Бишкекте маданий-агартуу багытында Европа күндөрү өтөт

Бишкекте “Европада бир күн!” аттуу маданий-агартуу иш-чарасы өтөт. Европа кеңешинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, ага Евробиримдик каржылаган 10 долбоор жана Германия, Франция, Бельгия, Эстония, Финляндия, Швеция, Италия, Австрия, Латвия, Словакия, Испания, Венгриянын, биримдикке кирген өлкөлөрдүн элчилери, өкүлдөрү катышат. 

Европада 9-май "Европа күнү" катары белгиленип келет. Бишкекте экинчи жолу уюштурулуп жаткан иш-чара чет өлкөлүк жана жергиликтүү эстрада ырчылардын концерти менен коштолот.